Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы
2020-жылдын 4-марты № 4
Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын жазган арызын кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясынын күн тартибиндеги 4 маселеси Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын жазган арызын, ыйгарым укуктуу өкүл жана аким менен жолугушуудагы каралган маселени угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрүлгөн архивдик маалыматтар боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдары Ак-Жол айыл аймагынын карамагында эмес экендиги белгиленсин.
2. Мындан ары айыл өкмөтү тарабынан Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын тургундарынын маселелери үчүн айыл өкмөтүнөн каржылоо жагы токтотулсун.
3. Бул маселе боюнча жергиликтүү тургундардын үнү, кайрылуулары мамлекеттик жетекчилик тарабынан жакшы көнүл бурулбагандыктан, Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлүп жаткан өкүлчүлүк жөнүндө тиешелүү кызматтарга маалымат берилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |