Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы
2020-жылдын 4-марты № 6
2020-жылга карата Аксы райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү боюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Фмнансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы Туратбек уулу Бакбергендин жана Ак-Жол айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эшалиев Эсеналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Жол айыл аймагындагы эски мечитти оңдоп-түзөө менен калкты тейлөө максатында пластикалык эшик-терезе жасоочу ишканасы ачылсын.
2. Пластикалык эшик-терезе жасоочу ишкана ачуу үчүн Аксы райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор дайардалсын.
3. Аксы райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго өздүк салым катары “Башкаруу аппаратынын” 2215 “ар түрдүү чыгымдар” элементинен 3111 “башка имараттарды алуу жана куруу”беренеси аркылуу 100000 (Жүз миң сом 00 тыйын) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул каражатты бөлүп берүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Туратбек уулу Бакбергенге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Эшалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |