Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIII сессиясы
2020-жылдын 9-марты № 1
Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын көтөргөн маселесин кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын күн тартибиндеги 1-маселеси Кызыл-Бейит, Разан-Сай, Күрп-Сай айылдарынын жашоочуларынын көтөргөн арызын, Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын көтөрүлгөн маселе боюнча угуп жана талкуулап Ак-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Разн-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын айыл башчыларынын эмгек акылары, Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларын тейлеген паромчунун эмгек акысы жана Разан-Сай-Таш-Көмүр багытындагы окуучуларды ташыган автобустун айдоочусунун эмгек акысын 2020-жылдын 1-июнуна чейин каржылоону улантуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Жогорудагы айылдардын пайдалануусундагы жакынкы жайыттарды тез аранын ичинде чечип берүү жагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынан жана чек ара, жайыт мсаелелери боюнча туруктуу комиссиясынан суралсын .
3. Аткарылып жаткан иштер боюнча жергиликтүү тургундарга , айылдык Кеӊештин депутаттарына маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысы Б. Мырзагуловко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Батыралиев |