Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры № 1
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имаратты мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз почтасынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн кайрылуусуна негиз, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имараттарын акысыз пайдаланууга берүү максатында Сайдыкум айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Ай жана Хажир-Абад айылдарында жайланышкан почта бөлүмүнүн имараттарын 49 (кырк тогуз) жылга акысыз пайдаланууга берүү үчүн, азыркы абалы боюнча дефектный актынын негизинде смета түзүлүп,келишимге негиз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Ай жана Хажир-Абад айылдарында жайланышкан почта бөлүмдөрүн, пайдалануучу Кыргыз почтасынын Базар-Коргон райондук бөлүмүнө пайдалануу документтерин даярдап берүү жагы Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттентирилсин жана ремонтторун дефектный актынын негизинде түзүлгөн смета ылайык чыгымдарын почта бөлүмдөрү өз эсебинен каржылашсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Абдураимовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |