Редакцияот 16.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-октябры № 2

    

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча типтүү келишимди бекитүү жөнүндө

Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы,Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жөнөтүлгөн Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүгүү  башкармалыгынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын 3 беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Сайдыкум айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими  бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Сайдыкум айыл аймагында аткаруу милдети,айыл өкмөтүнүн соцадиси Раманова Дамира Кочкорбаевна бекитилсин.

3. Бул токтом мамлекеттик тилде Сайдыкум айыл аймагынын  расмий   веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу  жагы  Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевке милдеттендирилсин.                                                                           

 

    Төрага

Б. Турсункулов