Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры № 4
Сайдыкум айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Сайдыкум айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Сайдыкум айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдети,айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Атабекова Айнура Казыбековна бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Доолаталиевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Сайдыкум айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяларган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б. Турсункулов |