Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2019-жылдын 16-октябры № 5
Мекемени каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө”, ”Юридикалык жактарды, филалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Сайдыкум айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентин талкуулоонун негизинде айылдык Кеңештин кезексиз ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сайдыкум айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.(мындан ары мекеме)
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Сайдыкум айыл аймагынын, айылдык Кеңеши” мекемеси;
Расмий тилде: “Учреждение айылный Кенеш Сайдыкумского айылного аймака”
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Кызыл-Ай айылы,С.Досов көчөсү № 151-б.
3. “Сайдыкум айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесинин Регламенти бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын, аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларды юридикалык жакты түзүү маселелери, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Төрага | Б. Турсункулов |