Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 12-декабры № 1
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине кошуп чыгымдоо жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетуна Республикалык максаттуу трансферттен 1 500 миң сом акча каражаты түшкөн жөнүндөгү ФЭБнүн башчысы К. Абдыкадыровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетуна 1 500 миң сом түшкөн акча каражаты бар экендиги белгиленсин.
2. 2019-жылдын IV кварталында түшкөн 1 млн. 500 миң сом төмөнкү чыгымдарга жумшалсын.
70111 разделдин 3111 статьясына 1 млн. 500 миң сом каралсын.
3. Айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражаттары райондук регионалдык казына бөлүмү аркылуу иштетүү ФЭБнүн башчысы К. Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясын төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |