Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 1
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине кошуп чыгымдоо жөнүндө
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетуна Республикалык максаттуу трансферттен 306,1 миң сом акча каражаты түшкөнү жөнүндөгү ФЭБнүн башчысы К. Абдыкадыровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетуна Республикалык максаттуу трансферттен 306,1 миң сом түшкөн акча каражаты белгиленсин.
2. 2019-жылдын IV кварталында түшкөн 306,1 миң сом төмөнкү чыгымдарга жумшалсын.
70111 разделдин 3111 статьясына 306,1 миң сом каралсын.
3. Токтомдун негизинде айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражаты райондук регионалдык казына бөлүмү аркылуу иштетүү жагы КЭБнүн башчысы К. Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясын төрагасы А. Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |