Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 3
Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын жашоочуларынын арызы жөнүндө
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын жашоочуларынын арызын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын Т. Акматов, М. Абдалов, Т. Мураев, Жаштар көчөлөрүнүн тургундарынын сугат суу скважинасын ремонттоо (оңдоп түзөө) боюнча жазып кайрылган арызына негиз, Кызыл-Ай, Чоң-Курулуш, Турпак-Коргон айылдарындагы 5 (беш) сугат суу скважиналарына 100000 (жүз миӊ) сомдон, 500000 (беш жүз миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылып берүү жагы, Сейдикум айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы К. Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика комитетинин төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |