Загрузка документа…
САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 27-декабры № 4
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджетти жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджеттин, угуп жана талкуулап Сайдыкум айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылга бюджеттин, бардык разделдери боюнча алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
- Кирешелер жана чыгшалар сметасы (1-тиркеме),
- Жайыт комитетинин бюджети (2-тиркеме).
2. Ар бир баш мал жандыкка акы толөмдөрү төмөндогүдөй баада бекитилсин. Бир бодо мал үчүн 87 (сексен жети) сом, бир баш жаш бодо мал үчүн 60 (алтымыш) сом 90 тыйын, бир баш жылкы, эшек үчүн 87-(сексен жети) сомдон бекитилсин. Бир баш кой, эчки, козу, улактар үчүн 17 (он жети) сом 40 тыйын.
3. Сайдыкум айыл аймагынын жайыт комитетине, жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана тиешелүү салыктарды бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин Бюджет жана экономикалык пландоо боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Төрага | Б. Турсункулов |