Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2020-жылдын 24-апрели № 21
Муниципалдык менчиктеги кызматтык автоунааны сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б. Болгонбековдун 23.04.2020-жылдагы 01-34/241 сунушу боюнча. “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча”, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиялардын корутундусуна ылайык, муниципалдык менчиктеги “ТОЙОТА-КАМРИ” маркасындагы, мамлекеттик номери 0688 DU кызматтык автоунаасын (“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасына оперативдүү чарбалык башкаруу укугу менен берилген) сатууга макулдук берилсин.
2. Автоунааны сатуу иштерине байланышкан төмөндөгү иштер аткарылсын:
- атайын комиссия түзүлсүн;
- сатуу баасы комиссия тарабынан аныкталсын;
- сатуунун жыйынтыгы боюнча кийинки сессияда маалымат берилсин;
3. Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгү депутаттары комиссия курамына кошулсун:
1) Момунов Тимурлан Алымович;
2) Бадыров Мелис Болотбекович;
4. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т. Болгонбеков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (М.Калмурзаев, К.Дербишев) тапшырылсын.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Т.А. Раманкулов |