Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХV сессиясы
2020-жылдын 11-марты № 35/2
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 26.02.2020-жылдагы № 1-12/51 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Заводская көчөсүндөгу номери жок жайгашкан 270 кв/м жер тилкесин муниципалдык менчикте өткөрүп, ал жерге намазкана куруп мөөнөтсүз пайданууга уруксат берүү жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Заводская көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 270 кв/м жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин, ал жер тилкесине намазкана куруп мөөнөтсүз пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын тактап шаардык муниципалдык менчигинин реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Н. Болотбековго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |