Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХV сессиясы
2020-жылдын 11-марты № 35/3
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 27.01.2020-жылдагы № 1-12/20 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата ооган согушунун катышуучусу Темирбаев Сыргабек Нарбаевичке «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон зор салымы үчүн ээлеген кызматында, элдин сый-урматына татып, өз жумушун жакшы билген, кесибин сүйгөн Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын статистика боюнча башкы адиси Сафина Мунира Султановнага «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |