Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХV сессиясы
2020-жылдын 11-марты № 35/4
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 10.03.2020-жылдагы № 1-12/77 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарына караштуу «Барстын» түндүк тарабында жайгашкан 0,07га жайыт жер аянтына туризимди өнүктүрүү максатында пайдаланууга берүү жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарына караштуу «Барстын» түндүк тарабында жайгашкан 0,07га жайыт жер аянтына туризимди өнүктүрүү максатында пайдаланууга уруксат берилсин.
2. 0,01га жер аянтына туризимди өнүктүрүү максатында пайдалануу үчүн төлө акысы 50 (элүү сом) түзөт.
3. Токтомдун аткарылышын шаардын мэри У.Исмаиловго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |