Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХV сессиясы
2020-жылдын 11-марты № 35/5
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 10.03.2020-жылдагы № 1-12/79 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы № 6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектебинин отказандары жана түтүн өтүүчү түтүк эскирип ремонтко жараксыз абалга жетип, жаңы отказан жана түтүн өтүүчү түтүк орнотуу үчүн долбоорду даярдоого Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу үчүн карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы №6 М. В.Ломоносов атындагы орто мектебинин жаңы отказан жана түтүн өтүүчү түтүк орнотуу үчүн долбоорду даярдоого уруксат берилсин.
2. Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |