Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХV сессиясы
2020-жылдын 11-марты № 35/7
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 10.03.2020-жылдагы № 1-12/81 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын бекитилген 2018-2021ж.ж. стратегиялык өнүгүү планы бекитилген, Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги тарабынан каржылоо пландалууда, Строительная жана Школьная көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүүнү 2020-жылга жылдырып берүүнү жана долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алуу жөнүндө карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Строительная жана Школьная көчөлөрүнө асфальт төшөө иштерин жүргүзүүнү бекитилген 2018-2021ж.ж.карата Стратегиялык өнүгүү планын 2020-жылга жылдырып берүүнү жана долбоорду даярдоо үчүн Сузак райондук архитектура башкармалыгынан архитектуралык пландоо шарттарын алууга уруксат берилсин.
2. Долбоорду даярдоо жана иш кагаздарын тактоо жагы шаардык мэриянын тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |