Загрузка документа…
КӨК-ЖАӉГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VII чакырылыштагы кезексиз ХХХV сессиясы
2020-жылдын 11-марты № 35/9
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 17.02.2020-жылдагы № 1-12/35 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы шайлоо участкаларындагы комиссия мүчөлөрү алмаштырылгандыгына байланыштуу, негизги жана резервдик курамын карап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII чакырылыштагы) кезексиз ХХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы шайлоо участкаларындагы комиссия мүчөлөрү алмаштырылгандыгына байланыштуу, негизги жана резервдик курамы толуктоо жана өзгөртүү киргизуу менен бекитип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын шаардын мэри У. Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |