ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2019-жылдын 25-октябры № 21-4
Мекемени каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кенешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары -мекеме)
• Мекеменин толук аталышы
• Мамлекеттик тилде: “Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңеши” мекемеси
• Расмий тилде: Учреждение “Айыльный Кеңеш Жаңы-Жольского айыльного аймака”
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Мырзабек Болуш көчөсү үй №1
3. Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюшгтуручунун (уюштуручулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапщырылган документтердиги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Төрага | Н. Калпаков |