Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 22-1
Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Ж. Мамытбеков № 10 жалпы билим берүү орто мектебинин окуучу кыздарынын 18.11.2019-жылдагы өз ара мукташы жөнүндө
Күн тартибинде маселе боюнча укук жана мыйзамдуулук комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл аймагындагы Ж. Мамытбеков № 10 жалпы билим берүү орто мектебинин окуучу кыздарынын 18.11.2019-жылдагы өз ара мукташы жакшы эмес жагдайды жаратканы белгиленсин.
2. Ар бир мектептеги директорлор жана ата-энелердин жоопкерчилиги, тарбия маселесинде кемчилдиктер орун алгандыгы белгиленсин.
3. Ата-ата менен мугалимдердин ортосунда байланышынын начарлыгынан бул көрүнүш пайда болгондугу белгиленип, мектептеги кадр маселесин чындоо жана дайындоосу туура жүргүзүлүшүн билим берүү тармактарына сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н. Калпаков |