ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 22-2
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында жайгашкан узундугу 3 км Кой-Таш айылындагы автомобиль жолу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль категориясына которууга макулдук берүү жөнүңдө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү жааматтын кайрылуусун эске алып, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Аксы районунун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында жайгашкан узундугу 3 км Кой-Таш айылындагы автомобиль жолу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Аксырайонунун Жаңы-Жол айыл аймагында жайгашкан узундугу 3 км Кой-Таш айылындагы автомобиль жолу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль категориясына өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н. Калпаков |