Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 23-2
Жаӊы-Жол айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетин жана 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаӊы-Жол айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетин жана 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысынын Н. Уркунбай уулу билдүрүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше: 3676,4(Үч миллион алты жүз жетимиш алты миң төрт жүз ) сом, Теӊдѳѳчү грант: 3550,2 ( үч миллион беш жүз элүү миң эки жүз) сом, кошулуп, жалпысы: 7226,6 (жети миллион эки жүз жыйырма алты миң алты жүз) сом суммасында № 1 -тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Жаӊы-Жол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жаӊы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин кѳлөмү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. Өздүк бекитилген киреше мурунку жылдардын фактыларына негиз бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теӊдѳѳчү грант биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалары белгиленсин.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландардын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
6. «Кыргыз Республикасынын бюджетик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамдын 21-статьясына негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын кѳлѳмдѳрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 72.2 (жетимиш эки миӊ эки жүз) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-июлундагы № 403 токтомуна негиз Айыл өкмөтүнөн статус алган айылдарга 100% өлчөмүндө 3 (үч) штат айыл башчы жана 2 (эки) штат ВУС инспектору айлык акылары жетектѳѳчү адистин жана адистин айлык акысынын деӊгээлинде бекитилип берилсин.
8 . Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеӊештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Н. Уркунбай уулуна милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
10. Токтом www jany-jol-jalal-abad.kg веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Калпаков |