Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 23/3
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын атайын каражатын бекитүү жѳнүндѳ
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы Н.Үркүнбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектүү XХIII сессиясы токтом кылат:
1. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жылга атайын каражатынын киреше жана чыгаша бѳлүгү 65,0 (Алтымыш беш миӊ) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2020-жыл үчүн атайын каражаттын чыгаша бѳлүгү сметанын негизинде жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Н. Калпаков |