Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 23/5
Жер фондун инвентаризациянын жүрүшүнүн алкагында Жаңы-Жол айыл аймагынын муниципалдык жерлери менен токой фондунун ортосундагы чек арасы жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагынын муниципалдык жерлерди менен токой фондунун ортосундагы чек аралары жѳнүндѳ Жаңы-Жол өкмөтүнүн Кой-Таш айылынын айыл башчысы У.Ыдырысбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кой-Таш айылындагы аксы токой чарбасындагы дыйкан чарбалардын улүш жерлери жана турак жайлардын жерлери токой чарба менен алмашууга жол берилбесин.
2. Жаңы-Жол айыл аймагында инвентаризация жүрушүнүн негизинде дыйкан чарбалардын үлүш жерлери, турак жайлар жана социалдык обьектер токой фондунун жеринен мыйзам чегинде ажыратылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊешинин Мыйзамдуулук жана укук боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н. Калпаков |