Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 23/6
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше бөлүгүнүн болжолдуу тузүлүшү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше бөлүгүнүн болжолдуу тузүлүшү жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Үркүнбай уулу Нуралынын билдирүүсүн угуп жана талкулап, Жаңы-Жол айылдын кеңешинин XII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше бөлүгүнүн долбоорунун түзүлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кирешенин түзүлгөн долбоору боюнча иш баруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери Маметов Арзыгул жана Курманалиев Азаматка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет комиссиясынын төрагасы А.Карашовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Калпаков |