Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 23/7
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын атайын каражатынын киреше бѳлүгүнѳн 2020-жылга калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы Н. Үркүнбай уулу 2019-жылдын атайын каражатынын киреше бѳлүгүнѳн 2020-жылга калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ билдирүүсүн,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын киреше бөлүгүнөн 2020-жылга калган 12.9( он эки миң тогуз жүз) сом калдык акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй тартипте:
- Ичүүчү арыктарга курулуш материалдарын алуу үчүн 12.9 миң сом
2. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н. Калпаков |