Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 23-10
Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга калган калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы Үркүнбай уулу Нуралынын 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылга калган калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ билдүүрүсүн жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары кошумча уведомлениелер менен канаттандырарлык деп табылсын.
2. Жаны-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын киреше бѳлүгүнѳн 2020-жылга калган 1581.2 (Бир миллион беш жүз сексен бир миӊ эки жүз) сом калдык акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй тартипте:
- Жүгүртүүдѳгү накталай акчанын кѳлѳмү 200,0 миӊ сом.
- 1941-1945 жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын
- Эстелигине таш орнотуу үчүн 200,0 мин сом.
- Эл жана турак жай фондун каттоосуна концелярдык товар үчүн-6,0 миң сом
- Эл жана турак жай фондун каттоосуна автоунаа жана ижара акысы үчүн-30,0 миң сом
- Эл жана турак жай фондун каттоосуна сапар чыгым үчүн 50,0 миң сом
- Эл жана турак жай фондунун каттоосунун ГСМ үчүн 24,1 миң сом
- Эл жана турак жай фондунун каттоосуна байланыш кызматы үчүн 6,0 миң сом
- МЧС үчүн -200,0 миң сом
- Бирдиктүү терезе үчүн-150,0 миң сом
- Генпланы үчүн 665,1 миң сом
- бел өрүк жолун шалалдоо үчүн 50.0 миң сом
Жалпысы: 1581,2 (Бир миллион беш жүз сексен бир миӊ эки жүз) сом жумшалсын.
3. Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы айылдык Кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
5. Токтом Jany-jol.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н. Калпаков |