Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2020-жылдын 6-марты № 25-1
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоодо элге тиешелүү үлүш жерлерди ажыратуу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаӊы-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жүрүшү жөнүндө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаӊы-Жол айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) жыйынтык материалдары айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде бекитилсин.
2. Райондук мамлекеттик администрациясынан айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жүрүү үчурунда айылдын тургундарынын дыйкан чарбаларга бөлүнгөн жерлер элдин карамагында калуу жагы суралсын жана алмашуу жагы токтотулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н. Калпаков |