Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2020-жылдын 6-марты № 25-2
Жаӊы-Жол айылынын тургуну Молдобаев Бакыттын арызы боюнча жумушчу топ түзүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айылынын тургуну Молдобаев Бакыттын арызын боюнча жумушчу топ түзүү жѳнүндѳ айылдык Кеӊештин тѳрагасы Н.Калпаковдун билдирүүсүн угуп талкуулап жергиликтүү айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз ХXV сессиясы токтом кылат:
1. Жаӊы-Жол айылынын тургуну Молдобаев Бакыттын арызында көрсөтүлгөн эски банянын ичиндеги жабдуулар ага таандык боюнча тѳмѳндѳгү курамда жумушчу топ түзүлсүн
1) Керимкулов Болсунбек -тѳраганын орун басары; жумушчу топтун тѳрагасы
Мүчѳлѳрү;
2) Кулматов А. - мыйзамдуулук жана укук боюнча туруктуу комиссиясынын
3) Надырбеков Ж. - мыйзамдуулук жана укук боюнча туруктуу комиссиясынын
4) Сейдалиев Ы. - бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын
5) Анарбаева С. - социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Н. Калпаков |