Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2020-жылдын 6-марты № 25-4
Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин 2020-жылга иш планын, туруктуу комиссиялардын иш пландарын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бѳлүмүнүн 11-пунктуна ылайык, Жаӊы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилѳѳ максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин регламентинин жаӊы редакциясына негиз, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасынын корутундусун угуп Жаӊы-Жол айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин иш планы жана айылдык Кеӊештин туруктуу комиссияларынын 2020-жылга иш пландары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөѳ жагы Жаӊы-Жол айылдык Кеңешинин тѳрагасынын орун басары Б.Керимкуловго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Н. Калпаков |