Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезексиз XXIII сессиясы
2020-жылдын 27-апрели № 2
Жалал-Абад шаарындагы коронавирустук инфекцияны (COVID-19) алдын алуу жана кесепетин жоюу үчүн шаардык мэриянын балансына алынган товарлар жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.04.2020-жылдагы № 05-11/1453 сандуу катынын негизинде жана Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Өнүгүү» фракциясынын лидери А.Сыдыковдун сунушун эске алуу менен депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына алынган ундун эсебинен 30 кап унду Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерине, 35 кап унду жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын кызматкерлерине жана 35 кап унду «Жалал-Абад Тазалык» мекемесинин кызматкерлерине берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансында турган 10 (он) тонна хлордун эсебинен 1 (бир) тонна хлорду Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Жалал-Абад шаарынын аймагын залалсыздандыруу үчүн берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |