Редакцияот 15.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 15-апрели № 01-5/228

 

Шаар мэриясынын №01-36/666 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, Кыргыз Республикасында COVID-19 илдети катталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, шаарыбыздын 162 (бир жүз алтымыш эки) тургунуна 1 кап ун (50 кг) жана 5 литр май менен  көмөк  көрсөтүү  боюнча шаар  мэриясынын  2020-жылдын 14-апрелиндеги № 01-36/666 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу  комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын  «Бюджеттик Кодексин »  жетекчиликке алып

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2020-жылдын 14-апрелиндеги №01-36/666 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.

3. Алына турган азык-түлүктөргө шаар мэриясы тарабынан түзүлүүчү комиссия курамына шаардык Кеңештин  депутаттарынан кошулсун.

4. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппаратына “1С-Бухгалтерия” программассы үчүн бөлүнгөн 650 000 (алты жуз элуу мин ) сом акча каражатынан  350 000 (үч жуз элүү миң)сом акча каражаты социалдык бөлүмүнө статьядан статьяга жылдырылсын.

5. Шаар аймагында  жашаган 162 (бир жүз алтымыш эки) шаар тургундарынын  тизмесин тактап, ар биринин үйүнө 1 кап ун (50 кг) жана 5 литр май жеткирип берүү комиссия курамына жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.      

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча”  туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

    Төрага

Я.Т. Абдурахманов