Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 01-5/229
Кочкор-Ата шаар мэриясынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “ коронавирус ” инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу жана жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүүнү ишке ашыруу максатында, 2020-жылдын 22-28-29-марты жана 4-5-7-11-12-апрель иш күндөрү деп белгиленгендигине байланыштуу, шаардык Кеңештин, шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлерине, ММБД жана Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине иштеген күндөрүнө айлык маянага акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2020-жылдын 10 жана 14-апрелиндеги № 01-36/649, № 01-36/669 сандуу кайрылууларын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин » жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 10 жана 14-апрелиндеги №01-36/649, № 01-36/669 сандуу кайрылуулары канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3. 2020-жылдын 22-мартынан тарта өзгөчө кырдаал токтотулганга чейин шаардык Кеңештин жана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине, ММБД жана Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине иштеген күндөрүнө айлык маянага акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырысын.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |