Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 01-5/230
Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/650 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, атайын каражат боюнча балдар бакчасынын ата-энелерден түшкөн акча каражаты 2020-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен 1 132 000 (бир миллион бир жүз отуз эки миң) сом акча каражаты балдар бакчасынын тамак аш чыгымына бөлүп берүү боюнча 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 01-36/650 сандуу кайрылуусун, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин « Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 01-36/650 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3. Атайын каражатка ата-энелерден түшкөн акча каражатынан 2020-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен 1 132 000 (бир миллион бир жүз отуз эки миң) сом акча каражаты балдар бакчасынын тамак-аш чыгымына бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |