Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 01-5/231
2020-жылга сууга болгон тарифтерин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы, шаар калкына, коңушу айыл өкмөт тургундарына, шаар аймагында жайгашкан коммерциялык жана өндүрүштүк багытында иштеген жеке жана юридикалык жактарга, 2020-жылга карата сууга болгон наркты өзгөртүү максатында “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын 2020-жылдын 10-апрелинде жазган № ТА-336 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктун жана Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын 2020-жылдын 10-апрелинде жазган № ТА-336 кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаар калкына, коңушу айыл өкмөт тургундарына, шаар аймагында жайгашкан коммерциялык жана өндүрүштүк багытында иштеген жеке жана юридикалык жактарга ичүүчү сууга, саркынды сууга (канализацияга), 2020-жылга карата тарифтери төмөнкү наркта белгиленсин:
- Шаар калкына:
- Ичүүчү сууга 1м3- 12.09 сом;
- Саркынды сууга (канализация) 1м3- 16.34 сом.
- Бюджет:
- Ичүүчү сууга 1м3- 12.09 сом +НДС 12% = 13.54 сом;
- Саркынды сууга (канализация) 1м3- 16.34 сом +НДС 12% = 18.30 сом.
- Коңушу айыл өкмөт тургундарына:
- Ичүүчү сууга 1м3- 12.09 сом + НДС 12% =13.54 сом;
- Саркынды сууга (канализация) 1м3- 16.34 сом + НДС 12% =18.30 сом.
- Коммерциялык жана өндүрүштүк багытта иштеген жеке жана юридикалык жактарга:
- Ичүүчү сууга 1м3-28.80сом+ НДС 12% =32.26 сом;
- Саркынды сууга (канализация) 1м3-28.80сом +НДС 12% =32.26 сом.
4. Шаар аймагында жайгашкан мерникке (суу сактагычка) счетчик орнотуу жана борбодук суу түтүкчөлөрүн алмаштырууну камсыз кылуу “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну суу менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.Т.Абдразаковго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, Регламент, депутаттык иш, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |