Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 01-5/233
Кочкор-Ата шаарынын базарындагы дүкөндөрүнүн өзгөчө кырдаал бүткөнгө чейин иштөө режимин чектөө жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетинин таралуусун алдын алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, шаар мэри А.Т.Жумаевдин сунушун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамындарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т. Жумаевдин сунушу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын базарында жайгашкан дүкөндөрүнүн иштөө убактысы 8:00дөн 14:00гө чейин белгиленсин.
4. Өзгөчө кырдаал шартына байланыштуу, азык-түлүк, жана башка күндөлүк керектелүүчү каражаттарды саткан соодагерлерге саат 14:00 дөн кийин Токтогул көчөсүндөгү бош турган жер аянтына соода кылууга уруксат берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэри А.Т. Жумаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |