Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 15-апрели № 01-5/234
Кочкор-Ата ҮМБнун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясы, Кыргыз Республикасында COVID-19 илдети катталып, Кочкор-Ата ҮМБнун администрациясынын 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 01-15/66 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата ҮМБнун администрациясынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата ҮМБнун администрациясынын тез жардам бөлүмүнүн автоунаалары ар мөөнөт алмашып жаткан мезгилде биологиялык заттар менен булганып калса, инфекциялык ооруга шектүү болгон адам траспортировкалоодон кийин санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүдө сооружение жана шарт түзүп берүү үчүн сметага ылайык керектелүүчү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |