Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 23-1
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде бекитилген айрым статьяларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин 2020-жылдын 21-мартындагы №11-1140 сандуу катынын негизинде коронавирус илдетинин тарап кетүүсүнө бөгөт коюу жана коомдук саясий абалдын стабилдүүлүгүн сактап ,калктын күнүмдүк жашоо-тиричилигине керектүү болгон шарттарды түзүү максатында жергиликтүү бюджетте бекитилген айрым статьяларга өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика башчысы Карымшакова Гүлмира Казаковнанын маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкаруу аппараттын 3111 курулмалар статьясында каралган 650,0 миң сомду социалдык жактан коргоо бөлүмүнө 27211 калкка жеңилдик статьясына 650,0 миң сом жылдырылсын.
2. Гранттык макулдашуунун негизинде Хелветас эл аралык донорлордон келген 50,0 ми ң сом акча каражатын калкка жардам катары тамак аш түрүндө жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Токтогул райондук башкармалыгынан чыгымдык эсепти(сметаны) жана кошумча сметаны жылдырып берүүсү суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г. Карымшаковага милдеттендирилсин,көзөмөлгө алуу бюджет комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Төрага | О. Көксариев |