Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 23-3
Кетмен-Дөбө айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундун Жобосунун негизинде штабды түзүү жана штабдын курамын бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар (ЫЭК) жөнүндө Жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын18, 55-беренелерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл аймагында ыктыярдуу элдик кошуундун Жобосунун негизинде иш алып баруу үчүн ыктыярдуу элдик кошуун штабы түзүлсүн жана анын сапаттык курамы 13 адамдан бекитилсин (тиркеме тиркелет ).
2. Ушул токтом тиркемеси менен Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн расмий www.ketmendobo.com. сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Чороевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев
|
Бекитилди
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык
Кеңешин VII чакырылышынын кезексиз XХIII
сессиясынын 24.04.2020-ж.№ 23-3-токтому менен
Кетмен -Дөбө айыл аймагынын ыктыярдуу
элдик кошуундар штабынын сапаттык жана сандык курамы
1. Масирбаев Урматбек Токтобекович - штабдын жетекчиси, айыл өкмөтүнүн башкы адиси;
2. Абдыгулов Мирланбек Туратбекович - штабдын жетекчисинин орун басары. Кетмен-Дөбө айыл аймагы боюнча милициянын улук аймактык инспектору;
Штабдын мүчөлөрү:
1. Токторалиев Алмаз Бердигулович – кеңештин депутаты
2. Ашырбаев Урматбек Аркарбекович – кеңештин депутаты
3. Байтиков Канжарбек Кийикбаевич – кеңештин депутаты
4. Турсунбаев Өмүр Садабаевич – кеңештин депутаты
5. Мамыткулов Акберди Жумагулович – элдик кошуун командири
6. Кудабаев Гулжигит Жолдошбекович – айыл тургуну
7. Каленбаев Майрамбек Каленбаевич – элдик кошуун командири
8. Жуманалы уулу Анарбек - айыл тургуну
9. Кенжебаев Урчеке Өскөнбаевич - айыл башчы
10. Атабеков Нурланбек Масалбекович – айыл башчы Чоң-Арык
11. Назарбеков Тилек Мамаевич - айыл башчы Терек-Суу
Төрага: О. Көксариев