Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 23-5
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин оперативдүү пайдалануусунда болгон атайын техникалардын кызмат көрсөтүүсүнө бааларды бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин оперативдүү пайдалануусунда болгон атайын техникалардын кызмат көрсөтүүсүнө бааларды бекитүү жөнүндө жайыт комитетинин билдирүүсун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. LOVOL 953 фронталдык погрузчиги 1 саат кызмат акысы күйүүчү майын кошкондо 2200 (эки миң эки жүз) сомдон деп белгиленсин.
2. HOWO самосвал автомашинасынын Үңкүр участкасындагы Узун-Акмат дарыясынын жээгинен 1 рейс кум-шагыл Терек-Суу,Чоң-Арык айылдарына жеткирүүсү күйүүчү майы менен 3000 (үч миң ) сомдон деп белгиленсин.
3. HOWO самосвал автомашинасынын ЛОП участкасынан топурак жана кызыл кум ташуусу 1 рейске Терек-Суу,Чоң-Арык айылдарына жеткирүүсү күйүүчү майы менен 2000 (эки миң) сомдон деп белгиленсин.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |