Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 23-6
“Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча
Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставынын VI главасынын 31 пунктунун негизинде ушул уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы ,жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы,жеке жана үй бүлөлүк үлгүлүү жүрум-туруму, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү,жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык сыйлоо чараларын көрүү боюнча Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча айылдык кенештин депутаттарынын, айыл аймагынын тургундарынын сунуштары бекитилсин.
2. 1984-жылы май айында Советтик Армиянын катарына чакырылып,1986-жылга чейин Афганистан Демократиялык Республикасында кызмат өтөгөн “Афганистан согушунун ветераны” Койчукеев Асаналы Асылбековичке “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу салтанатын жоопкерчилик менен жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |