Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 23-7
Насостук станция курууга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Барчын участкасындагы сугат айдоо жерлерин сугарууга суу жетишпей жаткандыктан Кишим –Колот конушуна насостук станция курууга Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын Кишим-Колот учаткасына сууну чыгаруу үчүн насостук станция курууга жер тилкесин чектеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И. Чороевге тапшырылсын.
2. Жерди чектеп берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жана тиешелүү мекемелер менен иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Жолоковго жана Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын Узун –Акмат участкалык суу чарба бөлүмүнүн жетекчиси Т.Мырзабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | О. Көксариев |