КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 21-январы № 35
Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды түзүүнүн жана алардын ишинин уюштуруучулук-укуктук жана экономикалык жалпы негиздерин аныктайт, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин, дыйкан (фермердик) чарбалардын, уюштуруучулук укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактардын, коомдук бирикмелердин, кызмат адамдарынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ортосундагы ушул тармактагы мамилелерди жөнгө салат; сактоочулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкан сактоочуларды, Кыргыз Республикасынын башка жарандарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн укуктук жана социалдык жактан коргоо жагындагы мамлекеттин саясатынын негиздерин аныктайт.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Кыйроодон сактоочу кызмат - бул, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга арналган, функциялык жактан бир тутумга бириктирилген башкаруу органдарынын, күчтөрдүн жана каражаттардын биримдиги, анын негизин кыйроодон сактоочу кошуундар түзөт.
2. Кыйроодон сактоочу кошуун - бул, өз алдынча кыйроодон сактоочу кызматтын курамына кирген, кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүүгө арналган түзүм, анын негизин атайын техника, жабдуулар, шаймандар, аспаптар жана материалдар менен жабдылган аттестацияланган сактоочу бөлүктөр түзөт.
3. Сактоочу - бул, кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүүгө даярдыктан өткөн жана аттестацияланган жаран.
4. Кыйроодон сактоочу иштер - бул, өзгөчө кырдаалдардын аймагындагы адамдарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоо, табигый чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалды жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга мүнөздүү опурталдуу факторлордун таасирин жоюу же мүмкүн болгон минималдуу деңгээлге чейин азайтуу боюнча иш - аракеттер. Кыйроодон сактоочу жумуштар ал жумуштарды аткаруучу адамдардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч келтирүүчү факторлордун болгондугу менен мүнөздөлөт жана атайын даярдыкты, экипировканы жана жабдууну талап кылат.
5. Өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы кечиктирилгис иштер - бул, кыйроодон сактоочу иштерди ар тараптуу камсыздоо, өзгөчө кырдаалдан жабыркаган калкка медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүү, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын ишке жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн минималдуу зарыл шарттарды түзүү боюнча иштер.
6. Сактоочулардын статусу - бул, сактоочулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жана мамлекет кепилдигин алган укуктар менен милдеттердин жыйындысы. Сактоочулардын статусунун өзгөчөлүгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине катышуу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттер жана ушуга байланыштуу алардын өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч менен аныкталат.
7. Кыйроодон сактоочу каражаттар - бул, кыйроодон сактоочулук иштерди жүргүзүүгө арналган техникалык, илимий-техникалык жана интеллектуалдык продукция, анын ичинде байланыштын жана башкаруунун атайын каражаттары, техника, жабдуулар, шаймандар, мүлктөр жана материалдар, кыйроодон сактоочу иштердин технологиясы боюнча методикалык, видео -, кино, фотоматериалдар жана башка каражаттар.
2-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтардын ишин жана сактоочулардын ишин түзүүнүн укуктук негиздери
Кыйроодон сактоочу кызматтарды жана кыйроодон сактоочу кошуундарды түзүүнүн жана алардын ишмердигинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка дагы мыйзамдары менен ченемдик укуктук актылары түзөт.
3-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтардын жана сактоочулардын ишмердигинин негизги принциптери
Кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын жана сактоочулардын ишмердигинин негизги принциптери:
- өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, табигый чөйрөнү коргоо боюнча милдеттердин артыкчылыктуулугун караган гумандуулук жана боорукердик принциби;
- кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды бир колдо жетектөө принциби;
- кыйроодон сактоочу жана токтоосуз иштерди жүргүзүүдө акыбети кайтчу тобокел жана коопсуздукту камсыздоо принциби;
- кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын өзгөчө кырдаалдарга жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө дайым даяр болуу принциби.
4-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтарды жана сактоочуларды мамлекеттик колдоо
Мамлекет өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча мамлекеттик бирдиктүү тутумунун күчтөрү болгон кыйроодон сактоочу кызматтарга, кыйроодон сактоочу кошуундарга ар тараптуу колдоо көрсөтөт, ал үчүн:
- кыйроодон сактоочу кызматтар, кыйроодон сактоочу кошуундар үчүн, ошондой эле кыйроодон сактоочу кызматтарга, кыйроодон сактоочу кошуундарга демилге иретинде каржылык жана материалдык жардам көрсөткөн мекемелерге салыктык жана башка жеңилдиктердин тутумун аныктайт;
- мекемелерге, коомдук бирикмелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алар түзгөн кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды даярдоого жана жабдууга, ошондой эле сактоочуларды даярдоо программасы боюнча даярдыктан өтүүнү каалаган жарандарды даярдоого көмөк көрсөтөт;
- сактоочуларды жана алардын үй - бүлө мүчөлөрүн укуктук жана социалдык коргоо боюнча иш - чаралардын тутумун карайт;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо таламында кыйроодон сактоочу кызматтарга жана кыйроодон сактоочу кошуундарга каржылык колдоо көрсөтөт;
- кыйроодон сактоочу каражаттарды чыгаруу боюнча мамлекеттик заказдарды берүүдө башка шарттар бирдей болгондо кыйроодон сактоочу кызматтардын ишканаларына артыкчылык берет.
5-статья. Кыйроодон сактоочу иштердин түрлөрү
Кыйроодон сактоочу иштерге издөө - сактоо, тоо кырсыгынан, газ кырсыгынан сактоо, фонтанга каршы иштер, ошондой эле өрттөрдү өчүрүүгө, медициналык - санитардык кесепеттерин жоюуга байланышкан өзгөчө кырда-
алдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен толукталышы мүмкүн болгон иштер кирет.
II Глава Кыйроодон сактоо кызматтары
6-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтардын милдеттери
1. Кыйроодон сактоочу кызматтарга, кыйроодон сактоочу кошуундарга милдеттүү түрдө жүктөлчү негизги милдеттерге төмөнкүлөр кирет:
- кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын башкаруу органдарын, күчтөрүн жана каражаттарын өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймактарга жиберүүгө жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө дайым даярдыкта кармоо;
- тейлөөдөгү объекттердин жана аймактардын ал жерлерде өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгын көзөмөлдөө;
- тейлөөдөгү объекттерде же аймактарда өзгөчө кырдаалды жоюу.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыйроодон сактоо кызматтарына, кыйроодон сактоо кошуундарына төмөнкүдөй милдеттер тапшырылышы мүмкүн, алар:
- тейлөөдөгү объекттерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун пландарын, башка объекттердеги жана аймактардагы өзгөчө кырдаалдарды жоюуда өз ара байланышта аракеттенүүнүн пландарын түзүүгө катышуу;
- тейлөөдөгү объекттер жана аймактар боюнча ишке ашырылышы мүмкүн болгон долбоорлор жана чечимдер, ошондой эле ошол объекттердеги калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыздоого таасир этиши мүмкүн болгон процесстер боюнча экспертизаларды жүргүзүүгө катышуу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагында көзөмөл жүргүзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жагындагы технологиялык жана инженердик - техникалык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөгө катышуу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн номенклатуралык курамды жана материалдык ресурстардын резервдеринин көлөмүн түзүү, жайгаштыруу, белгилөө боюнча чечимдерди даярдоого катышуу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы билимдерди жайылтууга, калкты жана мекемелердин кызматкерлерин өзгөчө кырдаалдын шарттарында иштөөгө даярдоого катышуу;
- кыйроодон сактоочу жана кечиктирилгис иштерди уюштуруу жана жүргүзүү маселелери боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгууга катышуу;
- кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын ишмердигин укуктук жана техникалык камсыздоо, сактоочуларды жана кыйроодон сактоо кызматтарынын жана кыйроодон сактоо кошуундарынын башка кызматкерлерин социалдык коргоо маселелери боюнча мамлекеттик бийликтин органдарына берилчү сунуштарды иштеп чыгуу;
- кыйроодон сактоочу каражаттарды иштеп чыгууга жана өндүрүүгө катышуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча мамлекеттик бирдиктүү тутумга жүктөлгөн гуманитардык милдеттердин чегинен чыкпаган башка тапшырмалар болушу мүмкүн.
2. Конкреттүү кыйроодон сактоо кызматтарына, кыйроодон сактоо кошуундарына тапшырылчу милдеттердин толук тизмеси аткаруучу бийликтин калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген органы, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын алдындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органдары менен алардын полномочиелерине ылайык макулдашуу боюнча аныкталат жана кыйроодон сактоо кызматтары, кыйроодон сактоо кошуундары жөнүндө жоболордо же аталган кызматтардын жана кошуундардын уставдарында бекитилет.
7-статья. Кыйроодон сактоо кызматтарын түзүү
1. Кыйроодон сактоо кызматтары, кыйроодон сактоо кошуундары мын-
дайча түзүлүшү мүмкүн:
- туруктуу штаттык негизде - кыйроодон сактоочу профессионал кызматтар, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундар;
- штаттан тышкаркы негизде - кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундар;
- коомдук башталышта - кыйроодон сактоочу коомдук кошуундар.
2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтар, кыйроодон сактоочу
профессионал кошуундар төмөнкүчө түзүлөт:
- аткаруу бийлигинин органдарында - Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, ведомстволорунун жана мекемелеринин аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук органы жана аткаруу бийлигинин кызыкдар башка органдары менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын областтарында - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт;
- ишмердиктин бир же бир нече түрүн жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларды жүргүзүүдө мекемелерде өзүнүн кыйроодон сактоо кызматтары, кыйроодон сактоо кошуундары милдеттүү түрдө болушу каралган мекемелерде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо боюнча маселелерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органына макулдашуу менен мекеменин жетекчилиги тарабынан түзүлөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка жолдору каралбаса, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын чечими боюнча түзүлөт.
3. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же анын уюштуруу документтеринде каралса, кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундары милдеттүү түрдө мекемелердин өз кызматкерлеринен түзүлөт.
8-статья. Кыйроодон сактоо кызматтарынын курамы
Кыйроодон сактоо кызматтарынын, кыйроодон сактоо кошуундарынын курамын жана структурасын Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин аларды түзүүчү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерге жараша, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларынын талаптарына жараша аныкташат.
Кыйроодон сактоо кызматтарынын курамына аталган кызматтардын башкаруу органдары, кыйроодон сактоо кошуундары жана кыйроодон сактоо кызматтарынын милдеттеринин аткарылышын камсыздоочу башка уюмдар киришет. Андан тышкары, кыйроодон сактоо кызматтарынын курамына сактоочуларды даярдоо боюнча илимий - изилдөөчү жана консулътативдик билим берүүчү мекемелер, издөөчү иттерди даярдоочу жана кыйроодон сактоочу каражаттарды чыгаруучу мекемелер кириши мүмкүн.
9-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтарды комплектөө
1. Кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды комплектөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтарга, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундарга сактоочулук кызматка, сактоочуларды даярдоо боюнча билим берүүчү мекемелерге орто (толук) билимдүү, медициналык текшерүүдө сактоочу болуп иштөөгө жарактуу деп табылган жана алардын профессионалдык жана дене жактан даярдыгынын деңгээлдерине, ошондой эле алардын моралдык - психологиялык сапаттарына коюлчу талаптарга ылайык келген жарандар кабыл алынышат.
3. Профессионал кошуундарда сактоочунун милдетин түздөн-түз аткарууга 21 жашка толгон, орто (толук) билимге ээ, сактоочуларды даярдоонун программасы боюнча даярдыктан өткөн жана кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүүгө атайын аттестациядан өткөн жарандарга уруксат берилет.
4. Жарандарды кыйроодон сактоочу профессионал кызматтарга, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундарга сактоочулук кызматка кабыл алууда алар менен эмгектик келишим (контракт) түзүлүп, анда: сактоочулук кызматтын өзгөчөлүктөрү жана иш режими; эмгек акы төлөөнүн тартиби жана шарттары, сактоочуларга берилчү жеңилдиктер жана социалдык гарантиялар; сактоочулардын кезекте турган учурунда же өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштардын учурунда өздөрүнө тапшырылган милдеттерди жана аталган кыйроодон сактоочу кызматтардын жана кыйроодон сактоочу кошуундардын жетекчилеринин буйруктарын кыйшаюусуз аткаруу жөнүндө милдеттенмелери жазылат.
10-статья. Сактоочулук кызматтарды каттоо
1. Бардык кыйроодон сактоочу кызматтар, кыйроодон сактоочу кошуундар милдеттүү түрдө каттоого турууга тийиш.
2. Кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды каттоону аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук органы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органдары өздөрүнүн полномочиелерине ылайык, аныкталган тартипте жүргүзүшөт.
11-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтардын иши
1. Кыйроодон сактоочу кызматтар, кыйроодон сактоочу кошуундар өз иштеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, тиешелүү жоболорду, уставдарды, эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алышат.
2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын ишинин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу аларды жетектөө кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын бардык кызматкерлери аталган кызматтардын жана кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарышын талап кылат. Бул талап кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундарга алар өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жумуштарга катышкан учурларда колдонулат.
3. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтарда, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундарда жумушту токтотуп коюуну коллективдүү эмгектик талаш - тартышты чечүүнүн жолу катары колдонууга болбойт.
4. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтар, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундар өздөрүнүн объекттерди жана аймактарды тейлөө боюнча иштерин келишимдик негизде жүргүзүшсө болот.
5. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгы аттестациянын учурунда, ошондой эле аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча маселелерди чечүү жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук органы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органдары жүргүзүүчү текшерүүлөрдө аныкталат.
12-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтарды аттестациялоо
1. Кыйроодон сактоочу бардык кызматтар, кыйроодон сактоочу бардык кошуундар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте аттестацияланууга тийиш.
2. Аттестациядан өтпөгөн же текшерүүдө өздөрүнүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана аларды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин далилдей албаган бардык кыйроодон сактоочу кызматтарга, кыйроодон сактоочу кошуундарга мекемелерди келишим боюнча тейлөөгө уруксат берилбейт жана кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүүгө чегерилишпейт.
3. Эгер мекемелер түзгөн же аларды келишим боюнча тейлөөчү кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын даярдыктары жана абалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган талаптарга жооп бербесе, андай мекемелердин ишмердиги толугу менен же айрым-айрым токтотулат.
13-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтарды өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерүү
1. Кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерүү:
- аталган кыйроодон сактоочу кызматтар, кыйроодон сактоочу кошуундар тейлеген объекттерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун пландарына ылайык;
- башка объекттерде жана аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы жана жоюудагы өз ара байланышта аракеттенүүнүн пландарына ылайык;
- өзгөчө кырдаалдар пайда болгон жана күчөгөн учурларда аракеттенүүнүн аныкталган тартибине ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин аталган кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын иштерине жетекчилик жүргүзүүчү же Кыргыз Республикасыныи мыйзамдарында аныкталган тартипте жетекчилик жүргүзүүгө укугу бар органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын атайын укуктуу
кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин, өз аймагында өзгөчө кырдаал пайда болгон же андай кырдаалдарды жоюу полномочиесине кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелеринин өтүнүчүнүн негизинде, өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жетекчилеринин өтүнүчүнүн негизинде же аталган органдарга жана өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жетекчилерине макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтарды, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырттагы өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүргүзүлөт.
14-статья. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге жетекчилик кылуу
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерилген бардык күчтөр менен каражаттарды жетектөөнү жана алардын өз ара байланышта аракеттенүүсүн уюштурууну өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жетекчилери жүргүзүшөт.
2. Кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын өзгөчө кырдаалдын аймагына биринчи болуп келген жетекчилери өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилеринин ыйгарым укуктарын өзүнө алышат жана ал милдетти өзгөчө кырдаалдарды жоюунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун же жоюунун пландары менен аныкталган же мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ошол өзгөчө кырдаалдарды жоюу өз полномочиесине кирген органдары, мекемелеринин жетекчилери дайындаган жетекчилери келгенге чейин аткарышат.
3. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, өзгөчө кырдаалды жоюунун жектекчилеринин чечимдери өзгөчө кырдаал аймагындагы бардык жарандар жана мекемелер үчүн милдеттүү болот.
4. Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилеринин өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ишине аларды милдетин аткаруудан аныкталган тартипте четтетпестен жана жетекчиликти өзүнө алып же башка адамды кызматка дайындабастан туруп киришүүгө эч кимдин укугу жок.
5. Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчисинин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары, мекемелердин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
6. Өтө зарыл учурларда өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өз алдынча төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга укуктуу:
- эвакуациялык иш - чараларды жүргүзүү жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин ишин токтотуу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы объекттерде жана мекемелердин ай-
мактарында кыйроодон сактоо иштерин жүргүзүү жөнүндө;
- адамдардын өзгөчө кырдаалдын аймагына кирүүсүн чектөө жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин материалдык ресурстарынын резервинин бронун пайдалануу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын аймагындагы мекемелердин байланыш каражаттарын, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте пайдалануу жөнүндө;
- кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундарды, ошондой эле ушул аталган кошуундардын курамына кирбеген, бирок кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүүгө аттестациядан өткөндүгүн далилдөөчү документи бар сактоочуларды өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерге тартуу жөнүндө;
- калкты ыктыярдуу негизде кечиктирилгис жумуштарды аткарууга жана сактоочу эмес айрым жарандарды өз макулдугу боюнча кыйроодон сактоочу жумуштарды жүргүзүүгө тартуу жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдын абалына жана аны жоюу боюнча иштерди жүргүзүүгө байланыштуу зарыл башка чараларды көрүү жөнүндө.
Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өтө зарылдыктан улам кабыл алган чечимдери жөнүндө мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун тиешелүү органдарын, мекемелердин жетекчилерин токтоосуз кабарлоо боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери, кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын жетекчилери ал кырдаалды жоюу боюнча иштерди уюштурууга зарыл болгон бардык маалыматтарды билүүгө укуктуу.
8. Кыйроодон сактоочу иштерди толук көлөмдө жүргүзүүгө технологиялык мүмкүнчүлүк болбогон учурда өзгөчө кырдаалды жоюунун жетекчилери өзгөчө кырдаалдын аймагындагы адамдарды сактоо боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар биринчи иретте көрүлгөндөн кийин кыйроодон сактоочу иштерди толугу менен же айрым-айрым токтотуу жөнүндө чечим кабыл ала алышат.
15-статья. Кыйроодон сактоо кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарды жоюуга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу
1. Кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн ташууга жана жайгаштырууга, материалдык - техникалык, каржылык жана башка камсыздоого, ошондой эле сактоочулардын, кыйроодон сактоо кызматтарынын жана кыйроодон сактоо кошуундарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө, аларга сыйлыктарды, төлөнүүчү кошумча өргүүлөрдү берүүгө, аталган жумуштарды жүргүзүүдө жабырланган сактоочуларды акысыз медициналык камсыздоого жана эмгекке убактылуу жараксыздык учурунда төлөмдөрдү төлөөгө кеткен чыгымдар мекемелер менен тейлөө жөнүндө түзүлгөн келишимдерге ылайык, же өзгөчө кырдаалдарды жоюуга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен төлөнөт.
2. Уюмдардан келишим боюнча келип түшүп, пайдаланылбай калган каражаттар кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын тескемесинде калат.
Пайдаланылбай калган бюджеттик каражаттар колдонуудагы мыйзамга ылайык республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет.
16-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтардын иштерине жардамдашуу
1. Мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары жана мекемелер өзгөчө кырдаалдын аймагына жөнөп жаткан жана ал аймактарда өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иш жүргүзүп жаткан кыйроодон сактоочу кызматтарга жана авриялык - сактоочу кошуундарга бардык жагынан көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде зарыл транспорт жана материалдык каражаттарды берүүгө милдеттүү.
2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын жана кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын оперативдүү транспортунда аныкталган түрдөгү эн белгиси жана атайын үн жана жарык сигналдары болууга тийиш.
3. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтын жана кыйроодон сактоочу профессионал кошуундун өзгөчө кырдаалды жоюу иштери жүргүзүлчү жерге бараткан оперативдүү транспорту тоскоолдуксуз өтүү укугуна, аэродромдордо, май куюучу жайларда, деңиз жана дарыя портторунда күйүүчү-майлоочу материалдар менен биринчи кезекте камсыздалуу укугуна, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан техникалык тейлөө станцияларында, аэродромдордо, деңиз жана дарыя портторунда биринчи кезекте ремонттолуу укугуна ээ.
4. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерге дайым даярдыгын камсыздоо максатында аталган кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын сактоочулары ушул кызматтардын жана кошуундардын жетекчилери менен макулдашылган мөөнөткө аскердик жыйындарга чакырылышат.
17-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтардын жоопкерчилиги
Мекемелерди келишим боюнча тейлеген кыйроодон сактоочу профессионал кызматтар, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундар өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө туура эмес аракеттери менен келтирген зыяны үчүн, ошондой эле ушул мыйзамдын 12 - статьясынын 3 - пунктунда каралган учурда материалдык жоопкерчилик тартышат. Зыяндын өлчөмү жана анын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аныкталат.
18-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтардын ишмердигин координациялоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын иштерин координациялоонун максаттары:
- өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн зарыл күчтөр менен каражаттарды ишке оперативдүү чектөө;
- мамлекеттик бийликтин органдарына киргизилчү, Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу;
- кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын иштеринин ченемдик укуктук базасын бир түргө келтирүү;
- кыйроодон сактоочу каражаттарды чыгаруу жана кыйроодон сактоочу кызматтар менен кыйроодон сактоочу кошуундарды материалдык - техникалык жабдуу маселесиндеги мамлекеттин бирдиктүү саясатын жүргүзүү;
- тийиштүү аймактардагы өзгөчө кырдаалды жоюу жумуштарында кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын жана башка күчтөрдүн ортосундагы өз ара байланышты калыптандыруу;
- кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын өзгөчө кырдаалды жоюуга катышуучу сактоочуларын, кызмат адамдарын даярдоо маселелерин чечүү.
2. Мамлекеттик башкаруу органдарынын кыйроодон сактоочу кызматтарынын, кыйроодон сактоочу кошуундарынын, ошондой эле кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүү боюнча уставдык милдеттери бар жана Кыргыз Республикасынын бүткүл же көпчүлүк аймагында иштөөчү республикалык жана коомдук бирикмелердин иштерин координациялоону мамлекеттик башкаруунун калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук органы жүргүзөт.
3. Областтардын аймактарындагы бүткүл кыйроодон сактоочу кызматтардын жана кыйроодон сактоочу кошуундардын иштерин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарына караштуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органдары жүргүзөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарындагы бүткүл кыйроодон сактоочу кызматтардын жана кыйроодон сактоочу кошуундардын иштерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органдары жүргүзөт.
19-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтарды орун которуштуруу, профилин өзгөртүү
1. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтарды, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундарды башка жерге которууга, кыйроодон сактоочу жумуштардын же өзгөчө кырдаалды жоюунун башка түрүнө профилдештирүүгө же жоюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө түзүлүшү каралган штаттан тышкаркы кыйроодон сактоочу кошуундарды жоюу үчүн - алар тейлеген мекемелердин ишинин токтошу же ушул кызматтар жана кошуундар жоюуга тийиш болгон өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу четтетилгендиги негиз болот.
2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтарды, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундарды башка жерге которуу, кыйроодон сактоочу жумуштардын же өзгөчө кырдаалды жоюунун башка түрүнө профилдештирүү же жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө түзүлүшү каралган кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундарды башка жерге которуу кыйроодон сактоочу жумуштардын же өзгөчө кырдаалды жоюунун башка түрүнө профилдештирүү же жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында милдеттүү түрдө түзүлүшү каралган кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундарды жоюу жөнүндө чечимди мамлекеттик аткаруу бийлигинин аларды түзгөн органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, мекемелер - аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген кырдаалдардан сактоо жагындагы маселерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүтө атайын укук берилген, ушул Мыйзамдын 18 - статьясына ылайык аталган кызматтар менен кошуундардын иштерин координациялоо функциясы тапшырылган башкаруу органдарына макулдашуу менен, ошондой эле мамлекетгик көзөмөлдүн тийиштүү органдарына макулдашуу менен жүргүзүшөт.
3. Юридикалык жактардын администрациясынын чечими боюнча түзүлгөн кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундарды жана кыйроодон сактоочу коомдук кошуундарды жоюу жөнүндө чечим кабыл алууда алардын жетекчилиги аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук органын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген, ушул Мыйзамдын 18 - статьясына ылайык аталган кызматтар менен кошуундардын иштерин координациялоо функциясы тапшырылган башкаруу органдарын маалымдашат.
20-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтарды түзүүнү жана алардын ишин каржылоо
1. Кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды түзүүнү жана алардын ишин каржылоо:
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин, жергиликтүү мамлекеттик админстрациялардын бюджеттеринин, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын эсебинен, ошондой эле кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды түзүүчү мекемелердин каражаттарынын эсебинен;
- мекемелер менен түзүлгөн келишимдерди аткаруудан жана аларды тейлөөдөн түшкөн каражаттардын эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн түзүлгөн каржылык каражат резервдеринин эсебинен;
- жарандардын жана мекемелердин өзгөчө кырдаал учурунда адамдарды коргоого жана сактоого, аларга жардам көрсөтүүгө кошкон ыктыярдуу салымдарынын эсебинен түзүлчү коомдук фонддордун эсебинен;
- кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды колдоо фонддорунун, өзгөчө кырдаалдарды жоюунун атайын фонддорунун эсебинен;
- камсыздоо фонддорунун эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды каржылоонун конкреттүү булактарын жана алардын каржылык каражаттарды пайдалануусунун тартибин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары жана аталган кызматтар менен кошуундарды түзүүчү мекемелер аныкташат.
21-статья. Кыйроодон сактоочу кызматтардын иштерине байланыштуу талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
1. Кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын иштерине байланыштуу талаш - тартыштарды мамлекеттик бийлик органдары өз ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте чечишет.
22-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кыйроодон сактоочу кызматтары
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кыйроодон сактоочу кызматтары, кыйроодон сактоочу кошуундары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүшөт жана иштешет.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кыйроодон сактоочу кызматтарынын, кыйроодон сактоочу кошуундарынын өздүк курамынын саламаттыгына, дене-тарбия жана профессионалдык даярдыгына карата талаптар, ошондой эле аларды социалдык коргоонун гарантиялары ушул Мыйзамда ошолор сыяктуу эле башка жарандык кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын сактоочулары үчүн белгиленген талаптар менен гарантиялардан төмөн болушу мүмкүн эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн кыйроодон сактоочу кызматтарын, кыйроодон кошуундардын өзгөчө кырдаалдарды жоюуга чегерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
III Глава Сактоочулар жана алардын статусу
23-статья. Сактоочулар
1. Кыргыз Республикасынын жарандары сактоочулук статуска тийиштүү аттестациялык органдар аларды медициналык текшерүүнүн, дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди аткаруусунун, сактоочуларды даярдоо программалары боюнча окутулушунун жана кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүүгө аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча берчү чечиминин негизинде ээ болушат.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарына сактоочунун статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алууда аттестация органдары аларга аныкталган тартиптеги күбөлүк, сактоочунун китепчесин, фамилиясы, аты-жөнү, канынын группасы жана сактоочунун каттоо номери жазылган жетон беришет.
Сактоочунун китепчеси сактоочунун өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине катышуусун эсепке алууга арналат. Сактоочунун китепчеси жөнүндө жобо аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген органы тарабынан бекитилет.
24-статья. Сактоочуларды аттестациялоо
1. Сактоочулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте аттестациядан өтүшөт.
2. Аттестациядан өтпөй калган сактоочулар сактоочунун статусунан ажырашат.
25-статья. Сактоочулардын укугу
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге тартылган сактоочулар ал жумуштар аткарылчу жерге баратканда транспорттун бардык түрүнө белеттерди кезексиз алуу укугуна ээ.
2. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин учурунда сактоочулар төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон так жана толук маалыматты билүү;
- өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн мекемелердин аймагына жана өндүрүштүк объектилерине, турак жай имараттарына тоскоолдуксуз кирүү;
- өзгөчө кырдаал түзүлгөн жерде жүргөн бардык адамдардан коопсуздуктун белгиленген чараларын сактоону талап кылуу;
- кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүүнүн технологиясына ылайык жасалган экипировка жана шаймандар менен жабдылуу;
- адамдарды сактоо үчүн, жана өтө зарыл учурларда өзгөчө кырдаал түзүлгөн жерлердеги мекемелердин байланыш каражаттарын, транспортун, мүлкүн жана башка материалдык каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте пайдалануу;
3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан сактоочулар медициналык мекемелердин жана реабилитациялык борборлордун базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте медициналык жана психологиялык реабилитацияланууга укуктуу.
4. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын сактоочулары өздөрүнүн теориялык билимдерин жана адистик чеберчилигин аныкталган тартипте жумуш убагында жогорулатууга укуктуу.
5. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын сактоочулары кезекте турган учурунда кыйроодон сактоочу кызматтарды, кыйроодон сактоочу кошуундарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен тамак - аш менен камсыздалууга укуктуу.
6. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын эмгектик келишим боюнча тапшырылган милдеттерин аткаруу учурунда жабырланган сактоочулары, ошондой эле өзгөчө кырдаалды жоюуда жабырланган башка сактоочулар акысыз медициналык тейленүүгө жана негизги иштеген жериндеги орточо маянасынын өлчөмүндө эмгек акы алууга укуктуу.
7. Сактоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жеңилдетилген шартта пенсия менен камсыздалууга укуктуу.
26-статья. Сактоочулардын ишмердигинин гарантиялары
1. Мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекемелер өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге тартылган сактоочулар ал жумуштар жүргүзүлчү жерге баратышканда жана ал жумуштарды жүргүзүп жатышканда аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда сактоочулар өздөрү иштеп жаткан кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын жетекчилерине гана баш ийишет.
3. Сактоочуларды эмгектик келишим (контракт) менен аныкталгандан башка милдеттерди аткарууга мажбурлоого эч кимдин акысы жок.
27-статья. Сактоочулардын милдеттери
1. Сактоочулар:
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышууга даяр болууга, өзүнүн дене-тарбия, адистик, медициналык, психологиялык даярдыгын жогорулатууга;
- кыйроодон сактоочу кошуундардын курамында иштөө ыкмаларын өркүндөтүүгө;
- кыйроодон сактоочу иштерди жүргүзүүнүн технологиясын кыйшаюусуз сактоого;
- жабырлангандарды активдүү издөө, аларды сактоо боюнча чара көрүү, аларга алгачкы медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда өздөрү иштеп жаткан кыйроодон сактоочу кызматтардын, кыйроодон сактоочу кошуундардын жетекчилери берген буйруктарды кыйшаюусуз аткарууга;
- өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында жарандарга коопсуз жүрүш-туруштун эрежелерин жана андай кырдаалдар пайда болгон учурлардагы иш-аракеттердин эрежесин түшүндүрүүгө милдеттүү.
28-статья. Сактоочулардын ишинин (кызматынын) жана эс алуусунун режими
1. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын ишинин (кызматынын) режими ар күнкү иште ички эмгек тартибинин эрежелери, кезекке туруунун графиги, атайын даярдык боюнча занятиелердин жана башка иш - чаралардын расписаниеси менен аныкталат.
2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын иш күнүнүн жана иш жылынын ичиндеги иштөө режими колдонулуудагы медициналык талаптар жана санитардык - гигиеналык ченемдер менен аныкталат.
3. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын сактоочуларьгаын күтүү режиминде үйдөгү кезекке туруу убагы кезекке туруунун ар бир саатынын төрттөн бир өлчөмүндө эске алынат.
4. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерди аткарууда сактоочулардын иш режими жана жумуш күнүнүн узактыгы өзгөрүшү мүмкүн жана ал өзгөчө кырдаалдын мүнөзүн, аларды жоюудагы иштин өзгөчөлүгүн жана медициналык сунуштарды эске алуу менен өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча жетекчи тарабынан белгиленет.
5. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын сактоочуларына жыл сайын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте кезектеги эмгек өргүүсү берилет.
6. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан сактоочуларына жыл ичинде бир күндүк өргүүсү 24 сааттык ишке эсептелген узактыгы 15 суткадан ашпаган төлөнүүчү кошумча өргүү берилет.
Кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы жана ыктыярдуу кошуундардын сактоочуларына, ошондой эле кыйроодон сактоочу кошуундардын курамына кирбеген сактоочуларга кошумча өргүүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартип боюнча акчалай компенсация берилиши мүмкүн.
29-статья. Сактоочулардын эмгек акысы
1. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын сактоочуларына эмгек акы келишимдерге (контракт) ылайык төлөнөт.
2. Уюмдардын кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын эмгек акысынын өлчөмү көрсөтүлгөн уюмдардын алдыңкы жумушчу адистеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.
30-статья. Турак жайга укук
1. Аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кыйроодон сактоочу профессионал кызматтарынын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундарынын сактоочуларына жана алар менеп бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө турак-жай Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарында каралган ченемдер боюнча берилет.
2. Аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кыйроодон сактоочу профессионал кызматтарынын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундарынын сактоочуларына жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө турак-жай берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
31-статья. Сактоочулардын камсыздандыруу кепилдиктери
1. Сактоочулар милдетүү түрдө акысыз жекече камсыздандырылууга тийиш. Сактоочуларды камсыздандыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
32-статья. Сактоочулардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо
1. Эмгек келишими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарууда өлүмгө дуушар болгон кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын сактоочуларынын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштердин мезгилинде же ага катышуу учурунда өлгөн башка сактоочулардын үй-бүлө мүчөлөрү социалдык коргоого алынуу укугуна ээ. Социалдык коргоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
2. Сактоочулардын үй-бүлө мүчөлөрү багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
33-статья. Сактоочуларга укуктук жана социалдык кошумча кепилдиктер
1. Иштин зыяндуу жана коркунучтуу шарттарын тейлөөчү кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын сактоочуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктук жана социалдык коргоонун кепилдиктери менен жеңилдиктер жайылтылат.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана администрацияларынын, уюмдардын чечими менен кыйроодон сактоочу профессионал кызматтардын, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундардын, кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы жана коомдук кошуундардын мүчөлөрүнө, алардын курамына кирбеген сактоочуларга укуктук жана социалдык жактан ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген кошумча кепилдиктер белгилениши мүмкүн.
34-статья. Сактоочулардын жоопкерчилиги
Эмгек келишими (контракт) боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарбай коюуга күнөөлүү, жарандарды сактоодо алардын ден соолугуна атайлап залал келтирген, жаратылышка, материалдык жана маданий баалуулуктарга зыян кылган сактоочулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
35-статья. Сактоочу эмес, бирок өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине катышууга тартылган жарандарды социалдык жактан коргоонун кепилдиктери
1. Сактоочу болуп саналбаган, бирок өтө зарыл учурларда жарандар өзүлөрүнүн макулдугу менен кыйроодон сактоочу иштерге тартылышы мүмкүн.
2. Сактоочу болуп саналбаган жарандарды кыйроодон сактоочу иштерге тартуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жетекчилери кабыл алат.
3. Сактоочу болуп саналбаган граждандар кыйроодон сактоочу иштерге тартылганда милдеттүү түрдө акысыз жеке камсыздандырылууга тийиш. Аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталчу укуктар, камсыздандыруу кепилдиктери жана жеңилдиктер берилет.
IV Глава Корутунду жобо
36-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |