Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXIII заседаниеси
2019-жылдын 24-декабры № 33/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга аткарылышы, 2019-жылга маалыматы, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2020-2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы жана 2020-жылга бюджетти бекитүү, ошондой эле 2020-2022-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдырахмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын ХXXIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 12201,9 миң сомго жана чыгаша бөлүгү - 6047,0 миң сомго, атаын каражаттар - 170,0 миӊ сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средство передаваемые) -708,6 миӊ сомго жана чыгаша бөлүгү - 13059,4 миӊ сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 12985,2 миң сомго, анын ичинен теңөөчү грант 9501,2 миң сомго, өздүк киреше 3484,0 миң сомго, атайын каражаттар 200,0 миң сомго бекитилип, теңөөчү грант 10360,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 3484,0 миң сомго, анын ичинен теңөөчү грант 9501,2 миң сомго бекитилсин.
4. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 3952,2 миң сомго, анын ичинен теңөөчү грант 9091,7 миң сомго бекитилсин.
5. 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 4107,2 миң сомго, анын ичинен теңөөчү грант 9066,7 миң сомго болжолдору бекитилсин.
6. Жошолу айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме ишканалардын башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директордун орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Бюджетте каралган акча каражатын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Боронов |