Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХXXIII заседаниеси
2019-жылдын 24-декабры № 33/4
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Боронов Кубатбек Айылчиевичти ошондой эле айылдык кенештин депутаттарын жана айыл өкмөттүн кызматкерлерин 2019-жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугунун, айыл өкмөт башчысынын сунушунун негизинде Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXIII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн социалдык-экономикасын жана инфраструктурасын көтөрүүдө зор салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Боронов Кубатбек Айылчыевич “Жигердүүгө даңк” төш белгиси менен сыйлансын.
2. 2019-жылдын жыйынтыгы менен айыл калкынын турмуш деңгээлин жакшыртуудагы уюштуруучулук активдүүлүгү, эл менен бирге иш алып баруудагы аракети, депутаттык- кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн 2020 – Жаңы жыл майрамына карата төмөндөгү депутаттар сыйланышсын:
- Шамшиев Маматкабыл - жергиликтүү кеңештин депутаты - “Мыкты кызматкер” төш белгиси;
- Төрөшев Каныбек Сабирович – жергиликтүү кеңештин депутаты-“Жигердүүгө даңк” төш белгиси;
- Иманахунов Абдимажит Алдырахманович - жергиликтүү кеңештин депутаты-“Мыкты кызматкер” төш белгиси;
“2019-жылдын мыкты депутаты” наамы ыйгарылсын:
- Орозбай уулу Жеңишбек -“2019-жылдын мыкты депутаты”;
- Сулайман уулу Улан-“2019-жылдын мыкты депутаты” ;
- Танаев Азизбек-“2019-жылдын мыкты депутаты”;
- Кийизбаев Нурлан Закирович -“2019-жылдын мыкты депутаты” наамы менен сыйланышсын.
3. 2019-жылдын жыйынтыгы менен айыл калкынын турмуш деңгээлин жакшыртуудагы уюштуруучулук активдүүлүгү, эл менен бирге иш алып баруудагы аракети, кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн төмөндөгү кызматкерлер сыйланышсын:
- Абдырахманов Туратбек- “Эл сүйгөн жетекчиси”,
- Эрмекбаева Бактыгүл Аматбековна – “Датка айым” ,
- Абдиева Айнур Закировна – “Ардактуу айым” төш белгилери менен сыйланышсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер, мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |