Сравнение редакций…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 13-февралындагы ПЖ № 66
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эларалык
стратегиялык изилдөөлөр институтунун иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык-талдоо жана
долбоордук камсыз кылууну андан ары өркүндөтүү максатында токтом
кылам:
1.(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 25 Жарлыгына
ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эларалык
стратегиялык изилдөөлөр институтунун (мындан ары - Институт)
кызматкерлеринин штаттык саны тейлөөчү кенже персоналды кошпогондо 20
адам санында белгиленсин, мында бошотулган финансылык каражаттар
сакталат жана алар Институттун кызматкерлерин кубаттоо учүн жумшалат.
3. Институттун директоруна бир айлык мөөнөттө төмөнкүдөй сунуштарды
киргизүү тапшырылсын:
- 2007-жылдан тартып Институттун мамлекеттик заказдын негизинде
финансылоонун жањы снстемасына өтүшү жөнүндө;
- Институттун түзүмү боюнча.
4. Институттун директору ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана
башка маселелерди чечсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 23-майындагы №
49 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 9-сентябрындагы
№ 292 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 19-июлундагы №
226 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдьш 22-январындагы
№ 57 буйругунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын
Жетекчисинин 2003-жылдын 27-майындагы № 82 буйругу.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана
мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев