КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ N 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2006-жылдын 20-февралы ПЖ № 74 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын аскер кызматчыларын жана кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2006-жылдын апрель-июнунда жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдетижөнүндө" жана "Альтернативдик (аскердик эмес) кызмат жөнүндө" КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердикбөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердикэмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтер-нативдик (аскердик эмес) кызматтын аскер кызматчылары жана кызматкерле-ри запаска бошотулсун. 2. 2006-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылуугаукуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой элечакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон улуу чакыруу кура-гындагы эркек жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жанабашка аскердик бөлүктөрүнө анык аскердик кызмат өтөөгө, ошондой элеКыргыз Республикасынын министрликтери менен администрациялык ведомство-лоруна, ишканаларына, мекемелерине жана уюмдарына альтернативдик (ас-кердик эмес) кызмат өтөөгө чакырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү запаска бошотуунун жана жарандар-ды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө ча-кырууну жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин аныктасын. 4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев