Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-февралындагы ПЖ № 84
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Бир мандатуу аймактык № 23 Майлуусуу шайлоо округу боюнча
чыгып калгандын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутатын шайлоону даярдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 6-пунктунун
3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин
69-статьясынын 7 пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Бир мандаттуу аймактык № 23 Майлуусуу шайлоо округу боюнча чыгып
калгандын орунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатын
шайлоо 2006-жылдын 14-майына, жекшембиге дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- аталган шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутатын шайлоону өткөрүүнү финансылоо маселесин чечсин;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз
Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.
4. Ташкөмүр жана Майлуусуу шаарларынын жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдары, Жалалабат областынын Ноокен районунун мамлекеттик
администрациясы жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары шайлоону
даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык масе-
лелерди чечүүдө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев