Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 20 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 9-марты ПЖ N 105
2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы ПЖ N 397 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Республиканын борбор шаарынын айланасында жана кээ бир региондорунда 2005-жылы өзалдынча жер басып алуу боюнча кырдаалды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күч-аракетине карабастан соңку мезгилде жалпыга маалымдоо каражаттарында 2006-жылы жазында жеке туракжай куруу үчүн кайрадан жер басып алуу жөнүндө билдирүүлөр көбүрөөк таркатылып жатат.
Мындай аракеттердин алдын алуу жана 2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында токтом кылам:
1. Төмөнкү курамда мамлекеттик комиссия түзүлсүн:
Үсөнов Данияр Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; |
Жапаров Акылбек Үсөнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары; |
Кадырбеков Ишенбай Дүйшөнбиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, комиссиянын төрагасынын орунбасары. |
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Азылов Жыргалбек Кумарович | - | Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору; |
Айдаралиев Искендербек Рысбекович | - | Жалалабат облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору; |
Айжигитов Султанбай Абдрашитович | - | Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору; |
Алапаев Марат Ормонбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы; |
Жээнбеков Жусупжан Амражанович | - | Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору; |
Жолдошев Адамжан Жолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Исабеков Азим Бейшенбаевнч | - | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри; |
Исаков Жумадыл Ырысбаевич | - | Ош шаарынын мэри; |
Керимкулов Медетбек Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министри; |
Кулмурзаев Тургунбек Насипович | - | Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору; |
Мамыров Эркинбек Тобокелович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы; |
Турсунбек Акун | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы; |
Ногоев Арстанбек Иманкулович | - | Бишкек шаарынын мэри; |
Өмүралиев Эсенгул Касымович | - | Ысыккөл облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору; |
Осмоналиев Самир Кушайынович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана кайра иштетүү өнөржай бөлүмүнүн башчысы; |
Рыскулова Айгүл Маратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы; |
Рустенбеков Жаныш Султанкулович | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич | - | Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Суталинов Мурат Абдыбекович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри: |
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Турдумамбетов Турсун Осмоналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Укулов Курманбек Маматкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы. |
2. Мамлекеттик комиссияга өз ишине мамлекеттик мекемелердин жана ведомстволордун адистерин тартууга уруксат кылынсын.
3. Мамлекеттик комиссия 2010-жылга чейинки мезгилге Улуттук туракжай жана өлкөнү өнүктүрүү программасынын жана жерди өзалдынча мыйзамсыз басып алууну болтурбоо боюнча чаралардын комплексинин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
(КР Президентинин 2006-жылдын 27-июлундагы ПЖ N 397 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |