КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ N 138 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 14-марты ПЖ № 114
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
макроэкономикалык жана инвестициялык саясат
боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ N 481, 2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ N 96, 2008-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 411 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүн жалпы координациялоо жана натыйжалуу мамиле кылуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты калыптандыруу механизми чыңдоо ошондой эле бул жагында жүргүзүлүп жаткан чаралардын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында жана тийиштүү түрдө мыйзамдуу жөнгө салууга чейин токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түщүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- кызматы боюнча Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - Кеңештин
төрагасынын орунбасары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен туруктуу катышат;
- Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эларалык уюмдар жана донор-өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен тыгыз карым-катнашта иштейт.
(КР Президентинин 2008-жылдын 28-февралындагы ПЖ N 96, 2008-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 411 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Кеңеш жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын:
- 2001-жылдын 15-ноябрындагы N 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык саясат боюнча Кеңеш жөнүндө";
- 2002-жылдын 9-январындагы N 5 "2001-жылдын 15-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык саясат боюнча Кеңеш жөнүндө Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу";
- 2002-жылдын 15-июлундагы N 190 "2001-жылдын 15-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу зкономикалык саясат боюнча Кеңеш жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу";
- 2004-жылдын 28-апрелиндеги N 149 "2001-жылдын 15-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык саяст боюнча Кеңеш жөнүндө Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу";
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын тийиштүү
мыйзам актыларына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушту үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте иштеп чыксын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |